«Айыл Банк» ААКсы жаңы ABank мобилдик тиркемесин ишке киргизди — бул финансыңды жөнөкөй, тез жана коопсуз башкарууга мүмкүндүк берген заманбап банкинг. Бүгүнкү күндө жашообузду телефонсуз элестетүү мүмкүн эмес болуп калды жана негизги операциялар смартфон аркылуу жеткиликтүү: коммуналдык кызматтарды төлөөдөн тарта эл аралык которууларга чейин.
Сизде автоунааны түздөн-түз банк аркылуу ачык арыз берүү жолу менен сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Каалаган адам арыз берип, кепилдик төлөмдү киргизип, тандоого катыша алат. Эң жогорку баа сунуш кылган катышуучу жеңүүчү болот.
Айыл Банк Бириккен Араб Эмиратынын алдыңкы каржы уюмдарынын бири болгон Al Fardan Exchange (AFEX) менен келишимге кол койду. Эми Кыргызстан менен БАЭ ортосунда дирхам түрүндө акча жөнөтүп жана ала аласыз.
«Айыл Банк» ачык акционердик коому коомчулукту жана өнөктөштөрдү Банктын Директорлор Кеңешиндеги кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу маалымдайт. Кезексиз акционерлер жыйынынын чечимине ылайык, «Айыл Банк» ААК Директорлор Кеңешинин Төрагасы болуп Чомоков Оралбек Канатбекович дайындалды. Ал аталган кызматка Эржанов Максат Советбековичтин ордуна келди.
2025-жылдын 18-августунан тартып Банктын Чолпон-Ата филиалынын көчмө кассасы өз ишин токтотконун маалымдайбыз. Дареги: Чолпон-Ата шаары, Акималиев көч., 2 (Чолпон-Ата РЭС имараты).
Акыркы убакта телефон аркылуу алдамчылардын тузагына түшкөн жарандардын саны көбөйүүдө. Шылуундар белгисиз номурлар менен чалып, өзүн банктын же кайсы бир уюмдун кызматкери катары тааныштырып, кеп учун улайт.
«Айыл Банк» ААКсы Сиздерге Ижара мунтахийя биттамлик жаңы исламдык каржылык продукттун сунуш кылат.Эми аталган продукт аркылуу сизде төмөнкүлөрдү сатып алуу мүмкүнчүлүгүңүз бар:
Кызыл-Кыя филиалынын №048-26-13 кичи банктык кассасында оңдоп-түзөө иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу, 2025-жылдын 26-июлу (ишемби күнү) — жумуш эмес күн деп жарыяланат.
Айыл Банк өзүнүн 29 жылдык туулган күнүн Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында салтанаттуу иш-чара менен белгиледи.
«Айыл Банк» ААКсы ислам принциптери боюнча каржылоонун төмөндө келтирилген продукттары үстөк бааны төмөндөтүү акциясынын мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылган жагымдуу кабар менен бөлүшкүсү келет: