ККМ функциясы бар POS-терминалды кантип алса болот?

23.09.2022

ККМ функциясы бар POS-терминалды алуу үчүн сиз:

  • pos.ekassa.kg  сайтында Мамлекеттик салык кызматына каттоодон өтүңүз,
  • Арызды толтуруп, басып чыгарып анан кол коюңуз.

Сайтка катталуу боюнча бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылыңыз:
0 555 97 92 42, 0 505 97 92 42, 0 312 97 92 42.

Андан кийин, бул арыз жана документтердин пакети менен ишиңизге жакынкы филиалга кайрылууңуз керек.

Документтердин тизмеси:

1. Паспорт,

2. Сиздин уюмуңуздун уюштуруу документтери,

3. Орнотула турган жердин ичи - 4 сүрөт, сырты - 2 сүрөт.

Банктын адиси  ККМ функциясы бар POS-терминал тиркеле турган сиздин мекемеңизге эсеп ачат. Ошондой эле, сиз скоринг анкетасын толтурууңуз керектелет.

Каражаттарды көрүү жана көзөмөлдөө үчүн  интернет-банкингди туташтыра аласыз.

Документтердин пакетин кабыл алгандан кийин Банк сиздин арызыңызды кароону баштайт.

Сизге жакын жайгашкан филиалдардын даректерин банктын сайтынан же колл-борбордон биле аласыз.

 

← Тизме боюнча артка