“Айыл Банктын" Өзгөн филиалында өзгөчө мейман

17.06.2022

Бүгүн, 2022-жылдын 17-июнунда «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун Өзгөн шаарындагы филиалында тарыхий окуя болду. Себеби, мында Кыргызстандын тунгуч космонавты Салижан Шарипов келди.

Аталган филиалдын жетекчиси Торогелди Арстанбековдун айтуусунда, алар космонавттын туулган жери Өзгөнгө келгенин угуп, аны кадырлуу мейман катары чакырып, сый-урмат көрсөтүүнү чечишкен. КР Баатыры эле эмес, Россия Федерациясынын Баатыры Салижан Шариповду филиалдын жамааты жылуу тосуп алышып, ага “Айыл Банктын” Мastercard картын ачып, белекке беришти.

Мейман өз кезегинде Банк кызматкерлерине ыраазычылыгын айтып, ийгиликтерди жана өнүгүүнү каалады. Ал жамаат менен Кыргызстанга келгендеги толкундануулары менен бөлүшүп, кызыктуу баян куруп берди. Салижан Шарипов бир нечелеген жылдардан бери Москвада жашап, Кыргызстанга келе элек экен. Андыктан, ошол күндөрдөн берки мындагы өзгөрүүлөр ага жагымдуу маанай тартуулаганын билдирди.

Космонавт “Айыл Банк” ААКсынын жамааты менен эстеликке сүрөткө түштү жана аларга терең ыраазы болгонун айтты.  

Маалымат үчүн айта кетсек, Салижан Шарипов 1964-жылы 24-августта Өзгөн шаарында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктаган соң Россиянын Оренбург шаарындагы учкучтар окуу жайына тапшырган. Кийин космонавттарды даярдоо борборуна атайын комиссиянын текшерүүсүнөн өтүп өтүп, космонавт болгон.

1997-жылы АКШдан америкалык космос кораблинин бортунда атайын даярдыктан өтүп, 1998-жылы 22-январда "Endeavour" космос кемеси менен, 2004-жылдын 14-октябрында "Союз-ТМА-5" космостук кораблинин командири болуп космос мейкиндигине учкан.

← Тизме боюнча артка