«Айыл Банк» «AБ24» мобилдик банкингине «Contact» эл аралык которуу системасын киргизди

18.01.2022

Эми сиз Contact эл аралык акча которуу системасынан “AБ24” мобилдик банкинг аркылуу которууларды жөнөтө жана ала аласыз.

- "Төлөмдөр жана которуулар" баскычын басыңыз.

- Кийинки "Которуулар", андан кийин "Contact ТС аркылуу которуу" баскычтарын басыңыз,

- Акча которуу керек болгон өлкөнү, регионду, шаарды жана төлөө пунктун тандаңыз,

- Андан кийин, которуу валютасын тандап, сумманы көрсөтүңүз,

- "Улантуу" баскычын баскандан кийин, сиз жөнөтүүчүнүн реквизиттерин толтурушуңуз керек,

- Андан соң, алуучунун реквизиттериндеги бардык талап кылынган талааларды толтуруңуз,

- "Улантуу" баскычын чыкылдатып, "Которуу параметрлерине" өтүңүз, "Дебеттик продуктуну" тандаңыз,

- Contact ТС шарттарын жана тарифтерин карап жана комиссиялык төлөмдү эсептеп чыккандан кийин, "Улантууну" басыңыз,

- Телефонго SMS жөнөтүлө турган код же биометрикалык маалымат (Face ID, манжа изи) аркылуу операцияны ырастаңыз.

“Айыл Банктын” "AБ24" мобилдик банкинги дайыма сиз менен!

← Тизме боюнча артка