Айыл Банктан “стандарттык ченге + 1 жана + 2» акциясы узартылды

11.08.2021

"Айыл Банк" ААКсы жарыялаган "Стандарттык пайыздык ченге + 1 жана + 2" акциясын жыл аягына чейин узартууну чечти.

Аталган акцияга ылайык кардарлар Айыл Банктын кайсыл болбосун жакын жайгашкан кеңсесинин бирине келип, улуттук валютада 24 жана 36 айга, башкача айтканда эки-үч жылга жылдык 14%га чейинки чен алдында “Керемет”, Ардагер” жана “Кенч” депозиттерин ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 

Ошондуктан, 31-декабрга чейин каалаган  депозитти ачып, акча топтоо ыңгайлуулугунан пайдаланып калууга үлгүрүп калыңыздар:

"Стандарттык ченге + 1 жана + 2" акциясы

 

Депозиттердин аталышы

Келишим мөөнөтү

(айларда)

 «Керемет»

 «Ардагер»

«Кенч»

 

24

10% +1

10% +1

11% +1

36

-

11% +2

12% +2

Натыйжалуу % чен

Керемет – 12,24%

Ардагер 13,88%

Кенч 14%

Жогоруда көрсөтүлгөн депозит түрлөрү боюнча  ырааттуу маалымат:

"Кенч" мөөнөттүү депозити – бул, толуктоого же бөлүп алууга мүмкүн болбогон, жогорулатылган пайыздык чен алдында, белгилүү бир мөөнөткө банкка  салып коюуга боло турган бош акча каражатына ээ болгон кардарлар үчүн каралган. Аманаттын бул түрү кепилденген туруктуу киреше алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Пенсионерлердин көпчүлүгүнүн топтогон каражаты болсо керек... Демек, Банк сунуштап жаткан "Ардагер" депозити алар үчүн кошумча киреше булагына айланып, пенсияга олуттуу үстөк болушу мүмкүн. Аманатчыга ай сайын пайыздар төлөп турат, ошондой эле алардын өтүнүчү боюнча пайыздарды капиталдаштыруу шарты да каралган.

Эң эле сарамжалдуу кардарлар үчүн Айыл Банк "Керемет" топтолмо депозитин сунуштайт. Пайыздар ай сайын төлөнүп турат же  кардардын талабы  боюнча капиталдаштырылышы мүмкүн. Аманатты кошумчалап турууга чектөөлөр белгиленген.

Депозиттер (аманаттар) боюнча кеңири маалымат менен Банктын www.ab.kg дареги боюнча расмий сайтынан таанышууга болот.

Банк менен бирге жыйым топтоп, аны көбөйтүп алгыла!

Кыргыз Республикасынын “Банктык депозиттерди (аманаттарды) коргоо жөнүндө” мыйзамына ылайык,  “Айыл Банк” ААКсы  депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болуп саналат жана 2009-жылдын 12-августунда ага катышуучу банктардын тизмесинде катталган. Сурап билүү телефондору: 0(556, 707, 312, 222) 680000.

← Тизме боюнча артка