Маанилүү маалымат

16.02.2021

Урматтуу "Айыл Банк" ААКсынын кардарлары жана өнөктөштөрү, сиздерге 2021-жылдын 17 жана 18-февраль күндөрү "МПЦ" ЖАК өз тарабында тутумду жаңыртуу боюнча иштерди жүргүзүүнү пландап жаткандыгын маалымдайбыз.

Жумуш 2 этапта жүргүзүлөт:

-17 февраль 2021 саат 00:40тан 06:20га чейин;

-18 февраль 2021 саат 00: 40тан 08: 30га чейин.

Ушуга байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн убакытта, ЭЛКАРТ жана Mastercard төлөм тутумдары (анын ичинде бардык кызматтар жана SMS билдирүүлөрү), ошондой эле бардык банкоматтар, терминалдар жана pos-терминалдар убактылуу иштебейт.

Ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз.

← Тизме боюнча артка