Улан Букабаев "Айыл Банк" ААКсынын Башкармалыгынын Төрагасы болуп дайындалды

16.02.2021

"Айыл Банк" ААКсы Улан Букабаев 2021-жылдын 15-февралынан тартып Башкармалыктын Төрагасы кызмат ордуна дайындалгандыгы жөнүндө маалымдайт. Дайындоо Банктын Директорлор Кеңешинин чечимине ылайык жүргүзүлдү.

Жаңы жетекчини жалпы жамаатка расмий түрдө “Айыл Банк” ААКсынын төрагасы Малабек Токтоболотов башында турган Директорлор кеңеши, ошондой эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун бизнес компаниялар менен иштөө жана корпоративдик башкаруу бөлүмүнүн башчысы Тимур Малбашев тарабынан тааныштырылды.

Улан Букабаев жалпысынан банк тармагында 20 жылдан ашуун тажрыйбага ээ. Буга чейин ал «Оптима Банк» ААКсынын филиалынын директорунун кызматын аркалап келген.

← Тизме боюнча артка