"Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо"

pic
Кредит суммасы 10 000 000 сомго чейин
pic
Пайыздык чендер 0-3% жылына

Кредитти сунуштоо шарты

Максаттуу топ

Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарында иш алып барган жеке адамдар, чакан жана орто бизнестин субъекттери

Карыздын багытталышы

Айыл чарбаны өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, өнөр жай, туризм, транспорт, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканалар, соода-логистикалык борборлор жана жашылча кампалары, инновациялык иш (жаңы ишканаларды же иштин жаңы багыттарын түзүү), коргоочу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү, соода, кызмат көрсөтүү, билим берүү, маалыматтык технологиялардын чөйрөлөрү.

Карыздын суммасы

Айыл чарбаны өнүктүрүүгө, туризмге 1 000 000 сомго чейин;

 

Айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө, өнөр жайга, транспортко, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларга, соода-логистикалык борборлорго жана жашылча кампаларына, инновациялык ишке (жаңы ишканаларды же иштин жаңы багыттарын түзүү), коргоочу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүүгө, маалыматтык технологиялардын чөйрөлөрүнө 10 000 000 сомго чейин;

 

Соодага, кызмат көрсөтүүгө 5 000 000 сомго чейин;

 

Билим берүүгө 1 500 000 сомго чейин.

Мөөнөтү

Айыл чарбаны өнүктүрүүгө, туризмге, транспортко, коргоочу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүүгө, соодага, кызмат көрсөтүүгө, билим берүүгө 3 жылга чейин;

 

Айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө, өнөр жайга, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларга, соода-логистикалык борборлорго жана жашылча кампаларына, инновациялык ишке (жаңы ишканаларды же иштин жаңы багыттарын түзүү), маалыматтык технологиялардын чөйрөлөрүнө 5 жылга чейин;

Пайыздык чени

Айыл чарбаны өнүктүрүүгө, туризмге, транспортко, коргоочу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүүгө, соодага, кызмат көрсөтүүгө, билим берүүгө жылына 0%

 

Айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө, өнөр жайга, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларга, соода-логистикалык борборлорго жана жашылча кампаларына, инновациялык ишке (жаңы ишканаларды же иштин жаңы багыттарын түзүү), маалыматтык технологиялардын чөйрөлөрүнө биринчи 3 жылына жылдык пайызы 0%, кийинки 2 жылына жылдык пайызы 3%.

Карыз боюнча камсыздоо

300 000 сомго чейинки кредиттер күрөөлүк камсыздоосуз 18 айга берилиши мүмкүн

Күрөөлүк камсыздоосу жетишсиз болгон учурда, карыз алуучу "Кепилдик фонд" ААКсына кайрылууга укуктуу.

Кредитти кантип алса болот

1
Кредит алууга билдирме

Сайт аркылуу же банктын кайсыл болбосун
бөлүмүнө келип билдирме толтуруу

2
Билдирмелерди кароо

Тактоо үчүн биз сиз
менен байланышабыз

3
Акчаны банктан алгыла

Чечим чыккандан кийин тиешелүү
бөлүмгө келип акчаны алсаңыз болот

Кредитиңизди эсептеңиз
Эсептөөлөр маалыматтык мүнөзгө ээ
жана ачык жарыяланбайт
Ар айлык төлөмдөр суммасы
Бүтүндөй кредиттөө мезгили ичиндеги төлөөлөрдүн жалпы суммасы
Кредит алууга билдирме толтуруу