“Агроөнөр жай комплексин кредиттөө”

pic
Кредит суммасы 150 000 000 сомго чейин
pic
Пайыздык чендер жылдык 6%

Кредитти сунуштоо шарты

Кредиттин багытталышы

“Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” мамлекеттик долбоордун чегинде:

  • Сүт;
  • Эт;
  • Тоок жумурткасы;
  • Шекер;
  • Жашылча;
  • Жемиштерди;
  • Өсүмдүк майы;
  • Картөшкө;
  • Дан өсүмдүктөрү;
  • Балык;
  • Кебез;
  • Жүн жана тери;
  • Бал;
  • Буурчак өсүмдүктөрү;
  • Жангак мөмөлүү өсүмдүктөрү;
  • органикалык өндүрүш кластерлерин кошкондо агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү аркылуу агрардык секторду колдоо багытында 6 пайыздык  жеңилдетилген кредиттер берилет.

Агроөнөр жай кластерлеринин катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:

  • тамак-аш өнөр жайынын ишканалары, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча ишканалар жана соода-логистикалык борборлор тибиндеги кластерлердин агрегаторлору;
  • үрөнчүлүк, питомник өстүрүүчү жана асыл тукум чарбалары;
  • банк мыйзамдарына жана катышуучу банктардын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Кластердик өнүктүрүү кеңешинин сунуштамасынын негизинде тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын ишканалары.

Кредит суммасы

150 000 000 сомдон ашпаган өлчөмдө;

Кант кластеринин агрегатору үчүн 300 000 000 сомдон ашпаган өлчөмдө

Кредит мөөнөтү

60 айга чейин

Пайыздык чен

жылдык 6%

Кредитти төлөө графиги

Берилген кредит суммасынын 2/3 милдеттүү түрдө төрт жыл ичинде төлөнүүгө тийиш

Күрөө

Банктын күрөө саясатына ылайык

* Натыйжалуу пайыздык чен: Улуттук валюта - 6,16 %дан жогору

 

Кредитти кантип алса болот

1
Кредит алууга билдирме

Сайт аркылуу же банктын кайсыл болбосун
бөлүмүнө келип билдирме толтуруу

2
Билдирмелерди кароо

Тактоо үчүн биз сиз
менен байланышабыз

3
Акчаны банктан алгыла

Чечим чыккандан кийин тиешелүү
бөлүмгө келип акчаны алсаңыз болот

Кредитиңизди эсептеңиз
Эсептөөлөр маалыматтык мүнөзгө ээ
жана ачык жарыяланбайт
Ар айлык төлөмдөр суммасы
Бүтүндөй кредиттөө мезгили ичиндеги төлөөлөрдүн жалпы суммасы
Кредит алууга билдирме толтуруу