"Аракетке-Берекет"

pic
Пайыздык чендер Ипотека - КР Улуттук банкынын эсептик чени+2%; Башка кредиттер - КР Улуттук банкынын эсептик чени+6%

Кредитти сунуштоо шарты

Кредиттин багытталышы 

Соода-ортомчулук операциялары, өндүрүш, кайра иштетүү, кызмат көрсөтүү чөйрөсү, туризм, мал сатуу-сатып алуу, айыл чарба азык-түлүгүн даярдап, сатуу, мал-жандыкты семиртип жана канаттууларды багып, аларды сатуу, башка коммерциялык иш багыттарга, керектөө (өздүк, үй-бүлөлүк) муктаждыктарын канааттандыруу үчүн, даяр турак жай сатып алуу, турак жайды ондоо, куруу, автоунаа сатып алуу жана башка керектөө максаттарына.

Кредит боюнча камсыздоо

  1. Ипотека боюнча күрѳѳ катары сатып алына турган кыймылсыз мүлк.
  2. Башка кредиттерге Банктын күрөө саясатынын талаптарына ылайык

Чектѳѳлѳр

Кредит сом менен берилет. Депозит кардардын наамында болушу керек.

Кредиттин мѳѳнѳтү

Ипотекага 120 айга чейин

Кредиттин валютасы

Сом

Депозиттин пайыздык чени

Жылдык 3%

Депозиттин түрү

Топтолмо

Депозиттин мѳѳнѳтү

- 12 ай;

- 24 ай;

- 36 ай.

Депозиттин минималдык суммасы

10 000 сом 

Кошумча тѳлѳмдѳр жана депозит боюнча чектѳѳлѳр

А) 5 000 сомдон кем эмес;

Б) Кошумча тѳлѳмдѳрдү кабыл алуу депозиттик келишимдин мѳѳнѳтү бүтѳрүнѳ 30 күн калганда токтотулат.

Пайыздарды төлөѳ аралыгы

Мѳѳнѳттүн аягында.

Келишим мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулса, пайыздарды тѳлѳп берүү "талап боюнча төлөнүүчү" депозиттин чени боюнча жүргүзүлѳт.

Пайыздарды капиталдаштыруу

жок

Депозитти жарым-жартылай алуу

жок

Кошумча шарттар

1) Депозиттик келишимдин мѳѳнѳтү бир жылдан ашса жана депозиттик эсепте алынуучу кредиттин/ипотеканын 50%дан кем эмес сумма топтолсо, кардар кредит/ипотека алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот;

2) Кардар, үч жыл бою, ай сайын бирдей сумма депозиттик эсепке салып келсе, депозиттик келишимдин мѳѳнѳтү аяктагандан кийин жана депозиттик эсепте алынуучу кредиттин/ипотеканын 50%дан кем эмес сумма топтолсо, кардар кредит/ипотека алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот;

3) Депозиттик келишимдин мѳѳнѳтү бир жылдан ашса жана депозиттик эсепте алынуучу кредиттин/ипотеканын 30%дан кем эмес сумма топтолсо, кардар кредитти/ипотеканы КР УБун эсептик чени + 6% менен алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Кредитти/ипотеканы кардар алаарда, топтолгон депозит баштапкы ѳздүк салым болуп эсептелинет.

Депозиттик келишимдин мѳѳнѳтү бүткѳндѳн кийин, алты ай аралыгында кардар кредит/ипотека алууга укуктуу.

Пайыздык чен

Ипотека боюнча: КР Улуттук банкынын эсептик чени +2%;

Башка кредиттер боюнча: КР Улуттук банкынын эсептик чени +6%.

Каржылоо ыкмасы

Кредит/кредиттик транш

Кредиттин суммасы

Ипотеканын максималдуу суммасы сатып алынып жаткан кыймылсыз муүлктүн баасынын 70%дан ашпашы керек.

Тѳлѳѳ тартиби

Аннуитеттик тѳлѳмдѳр менен жана кардардын акча каражаттарынын агымына жараша жеке тѳлѳѳ тартиби каралат.

КР Улуттук Банкынын эсептик чени жогорулаган шартта, ипотека боюнча: КР Улуттук Банкынын эсептик чени +2%; башка кредиттер боюнча КР Улуттук Банкынын эсептик чени +6%;

* Натыйжалуу пайыздык чен: Улуттук валюта - 17,38%дан жогору

Банк, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына жана Банктын ыйгарым укуктуу органдарынын/жактарынын чечимине ылайык, белгиленген тарифтерди рынок шарттарына жараша өзгөртүүгө, ошондой эле кардарларга макулдашуунун негизинде өз алдынча тарифтерди/депозиттерди, эсептешүү-кассалык тейлөө боюнча чендерди белгилөөгө укуктуу.

Кредитти кантип алса болот

1
Кредит алууга билдирме

Сайт аркылуу же банктын кайсыл болбосун
бөлүмүнө келип билдирме толтуруу

2
Билдирмелерди кароо

Тактоо үчүн биз сиз
менен байланышабыз

3
Акчаны банктан алгыла

Чечим чыккандан кийин тиешелүү
бөлүмгө келип акчаны алсаңыз болот

Кредитиңизди эсептеңиз
Эсептөөлөр маалыматтык мүнөзгө ээ
жана ачык жарыяланбайт
Ар айлык төлөмдөр суммасы
Бүтүндөй кредиттөө мезгили ичиндеги төлөөлөрдүн жалпы суммасы
Кредит алууга билдирме толтуруу