Айыл Банк Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташууну кеңейтти

12.12.2025

Айыл Банк Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташууну кеңейтти

Элкарт жана HUMO улуттук төлөм системаларынын ортосунда өз ара эквайринг ишке киргизилди.

Эми төлөм жүргүзүү жана накталай акча алуу мурдагыдан да жеңил жана ыңгайлуу. Валюта алмаштыруунун же эл аралык карттарды колдонуунун зарылдыгы жок — бардык операциялар улуттук төлөм системалары аркылуу түз жүргүзүлөт. Бул эки өлкөнүн ортосунда тез-тез каттаган, иштеген же эс алууга барган жарандар үчүн өзгөчө ыңгайлуу.

Долбоор бизнес үчүн дагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат: соода түйүндөрү кошумча туташтыруусуз жана чыгымсыз эле коңшу өлкөнүн карттарын кабыл ала алышат. Кардарлар жана банктар үчүн бул ыкчам, коопсуз жана үнөмдүү төлөмдөрдү билдирет.

Алгачкы этапта тейлөө Айыл Банктын түзмөктөрү аркылуу жеткиликтүү.

Айыл Банк — сизге жакын

← Тизме боюнча артка