Сунуш кылуу
Шилтемени почтага жөнөтүү

Тейлөө сапаты

Урматтуу “Айыл Банк” ААКтын кардарлары!

Тейлөө сапатынын  негизги иш багыты болуп, кардарлардын арыздары менен иш саналат.

Биздин банкта тейленгенде көйгөйлөр пайда болсо, Сиз төмөнкү жакта көрсөтүлгөн каналдар менен пайдаланып, Сапат кызматына арыз менен кайрылсаңыз болот.

Айыл Банктын ишинде кемчиликтер жөнүндө бизге билдирүүгө убакыт тапсаңыз, Биз абдан ыраазы болобуз, себеби тейлөө сапаты жөнүндө кардарларыбыздын ой-пикирлери биздин бизнесибиздин өнүгүүсүнө бааланбастык салым болуп эсептелет.

Ошондой эле Сиздер банк продуктыларын жакшыртуу жана оптимизациялоо боюнча өзүңүздүн сунуштарыңызды, кеңештериңизди айта аласыз. Ар бир сунушуңузду банктын адистери карап чыгышат жана андан кийин Сиз менен байланышып, жыйынтыктарын билдиришет.

Сиздин муктаждыктарыңызды толук канааттандыруу жана тейлөө сапатын жакшыртуу, ошондой эле табылган каталарды оңдоо жана алдын алуу максатында, сунуштарыңыз жана пикирлериңиз ишке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү чечиминин кабыл алуусуна негиз болот.

Кардарларыбызга ыңгайлуу болуу үчүн, биз тейлөө сапатын жакшыртуу боюнча арыздарды жана сунуштарды берүүнүн бир нече ыкмасын сунуштайбыз:

  • Банктын бардык бөлүмдөрүндөгү Даттануулар жана сунуштар китептери аркылуу;
  • Төмөнкү дарек боюнча корреспонденттик почта аркылуу: 720070, Бишкек ш., Пушкин көч., 50;
  • Электрондук почта аркылуу: info@ab.kg;
  • “Кайтарым байланыш” бөлүгүндө веб-сайттагы байланыштар аркылуу;
  • +996 (312) 68 00 00 – Байланыш борбору;     
  • +996 (770) 55 11 00 – Ишеним телефону.


 

Басма нускасы