Сунуш кылуу
Шилтемени почтага жөнөтүү

Айыл чарба кызматкерлерине арналган салтанат.

Айыл чарба кызматкерлерине арналган  салтанат.

2015-жылдын 19-ноябрында Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрында, Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жай кызматкерлерине сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. Иш чарага өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген 600 фермер жана агрардык сектордун өкүлү чогулду.

Айыл чарба кызматкерлеринин күнү бир жерге жандандырган долбоорлорду, кооз жармаңкени жана Кыргызстандын бардык бурчтарынан келген дыйкан чарбаларын бириктирди.

Бул майрамдык иш чараны Кыргыз Республикасынын Вице премьер министри Аалы Азимович Карашев ачып, өлкөдөгү айыл чарбанын өнүгүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилеп кетти. Ошондой эле айыл чарба тармагындагы алдынкы кызматкерлерин алкыш каттары менен сыйлады. Бул иш чара белгилүү артисттердин концерти менен жана катышуучулардын куттуктоолору менен аяктады.

Айыл Банк дагы ушул куттуктоолорго кошулат. Жана айыл чарба кызматкерлерине ден соолук, ийгилик жана ишинде жаңы бийиктерге жетүүнү каалайт!

Басма нускасы