Сунуш кылуу
Шилтемени почтага жөнөтүү
  • Башкы/
  • Жаңылыктар/
  • II – Форум жана «Ош Агро– 2017» көргөзмө – жармаңкеси 5-октябрь күнү болот

II – Форум жана «Ош Агро– 2017» көргөзмө – жармаңкеси 5-октябрь күнү болот

II – Форум жана «Ош Агро– 2017» көргөзмө – жармаңкеси 5-октябрь күнү болот

Ош шаарынын Борбордук аянтында 5-октябрь күнү саат 9.00дөн 16.00гө чейин II – Форум жана «Ош Агро– 2017» көргөзмө – жармаңкеси болуп өтөт, ага фермерлер, жеке ишкерлер, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана башка уюмдар катышат.

 Форумдун алкагында обладминистрациянын имаратында Тегерек стол өткөрүлөт, анда келген конокторго “Айыл Банк” ААКтын насыя жана лизинг продуктылары, “Азра-Фрукты” ЖЧКнын алманын жаңы сортторун өстүрүүнүн инновациялык технологиялары, “Жашыл чарба” ЖЧКнын, Колакс компаниясынын күнөсканалары жана “Delaval» ЖЧШнын саан аппараттарынын ар кандай моделдери презентацияланат.

Мындан тышкары, көргөзмө – жармаңкесинде төмөнкү компаниялардын экспозициялары көрсөтүлөт:

- “Автомаш-Радиатор” ЖЧК;

- “Трактор” ЖЧК;

- “Агротурк” ЖЧК ;

- “Евразия Групп” ЖЧК ;

- “Агросервис” ЖЧК;

- “YTO International” ЖЧК;

- “Аталык Групп” ЖАК;

- “Delaval» ЖЧШ;

- «Колакс» компаниясы;

Бул ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүүчү-компаниялар, айыл чарба техникасынын, күнөсканалардын жана көчөттөрдүн жабдып туруучулары.

II – Форумга жана «Ош Агро– 2017» көргөзмө – жармаңкесине катышууга чакырабыз.

 

 

 

Басма нускасы