Сунуш кылуу
Шилтемени почтага жөнөтүү
  • Башкы/
  • Жаңылыктар/
  • Бизнести өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Отунбаев “КРде дистанциондук...

Бизнести өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Отунбаев “КРде дистанциондук финансы кызматтары” темасындагы Тегерек столдун ишине катышты

Бизнести өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Отунбаев “КРде дистанциондук финансы кызматтары” темасындагы Тегерек столдун ишине катышты

22-сентябрь күнү Бизнести өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Отунбаев “КРде дистанциондук финансы кызматтары” темасындагы Тегерек столдун ишине катышты, бул иш чара “Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү” долбоорунун алкагында, КРдин экономика министрлиги тарабынан уюштурулду.

Иш чаранын жүрүшүндө катышуучулар эл аралык тажрыйбада дистанциондук финансы кызматтарын колдонуунун ийгиликтүү мисалдары жөнүндө, мобилдик банктык кызматтар базарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу боюнча учурдагы абалы жөнүндө маалымат алышты. Тегерек столдун ишине мамлекеттик органдардын, Улуттук банктын, шериктеш финансы уюмдарынын, Банктар союзунун, Микрофинансы уюмдар ассоциациясынын өкүлдөрү, мобилдик кызматтардын провайдерлери жана көз карандысыз эксперттер катышты.

 

 

Басма нускасы