Сунуш кылуу
Шилтемени почтага жөнөтүү

“Айыл Банк” ААКтын Аламүдүн филиалына 5 жыл

“Айыл Банк” ААКтын Аламүдүн филиалына 5 жыл

5 жыл мурун, 2012-жылдын 13-июлунда Аламүдүн филиалдын ачылышынын салтанаттуу аземи болуп өткөн, ага Айыл Банктын кардарлары, Аламүдүн районунун акими, Банк Башкармалыгынын төрагасы, Чүй облусунда жайгашкан Банктын башка филиалдарынын жетекчилери катышкан.

Ушул мезгилдин ичинде филиал көптөгөн жетишкендиктерге ээ болду. Ага өзүңүз баа берсеңиз болот:

- филиалдын насыя портфели 65 млн. сомдон 644 млн сомго чейин жетти.

- насыя алуучулардын саны 700 адамдан 1749 адамга чейин көбөйдү.

- депозиттик база 87 млн.451 миң сомго жетти.

- пластикалык карталарды пайдалануучулардын саны 3033 адамга жетти.

- 01.07.2017ж. карата накта пайда 15 млн 785миң сомду түздү.

“Айыл Банк” ААКтын жетекчилиги жана жамааты Аламүдүн филиалынын кардарларын жана кызматкерлерин чын жүрөктөн 5-жылдык мааракеси менен куттуктайт, ийгиликтүү иш жана өсүп-өнүгүүнү каалайт.

 

 

 

Басма нускасы