Сунуш кылуу
Шилтемени почтага жөнөтүү

Айыл Банк пенсионерлерди Карылар күнү менен куттуктады.

Айыл Банк пенсионерлерди Карылар күнү менен куттуктады.

Эл аралык карылар күнү Башкармалыктын Төрайымы Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна пенсияга чыккан Айыл Банктын мурунку кызматкерлери менен жолугуп, аларды майрам менен куттуктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Бактыгуль Жаныбековна  жаш адистерге жардамга консультант катары пенсионерлерди тартуу боюнча долбоорду түзүү мүмкүнчүлүгү тууралуу өзүнүн ой-пикирлери менен бөлүштү.

«Айыл Банктын өнүгүүсүнө салган салымыңыз жана эмгегиңиз үчүн ыраазычылык жана урмат билдирүүгө уруксаат этиңиздер! Сиздердин тажрыйбаңыз биз үчүн абдан баалуу. Ошого байланыштуу, жумушчу жана чыгармачыл мүмкүнчүлүктөрү коомго керек болгон пенсионерлер үчүн долбоорду иштеп чыгуунун үстүндө ойлонуп жатабыз. Сиздердин сунуштарыңызды талкуулоого биз дайыма даярбыз», - деп Б.Ж.Жеенбаева сөздүн аягында жыйынтыктап кетти. 

Басма нускасы