Сунуш кылуу
Шилтемени почтага жөнөтүү
  • Башкы/
  • Жаңылыктар/
  • “ЛЕЙЛЕКТЕН АК-СУУГА ЧЕЙИН” КАЙРЫМДУУЛУК КЕРБЕНИ НАРЫН ОБЛУСУНДА

“ЛЕЙЛЕКТЕН АК-СУУГА ЧЕЙИН” КАЙРЫМДУУЛУК КЕРБЕНИ НАРЫН ОБЛУСУНДА

“ЛЕЙЛЕКТЕН АК-СУУГА ЧЕЙИН” КАЙРЫМДУУЛУК КЕРБЕНИ НАРЫН ОБЛУСУНДА

10 октябрь 2016 ж. Айыл Банктын Кайрымдуулук кербени Нарын облусунун Таш-Булак айылынын У.Асанов атындагы мектеп-интернатына келди, анда 250 бала тарбияланат.

Иш чарага ошондой эле “Кадам” реабилитациялык борборунун 24 баласы чакырылды. Концерттин салтанаттуу ачылышында Нарын шаарынын мэриясынын социалдык-маданияттык өнүктүрүү секторунун башкы адиси Асангазы кызы Эльнура уюштурулган майрам үчүн Банктын жетекчилигине ыраазычылык билдирип, балдарга тилектердин аткарылышын жана жыргалчылык каалап кетти.

Цирк артисттери, акробаттар, куудулдар күлкүлүү оюндар менен жана самын көбүктөрү менен балдарды абдан кызыктырышты. Бирок майрам ушуну менен гана чектелбестен, балдарга ошондой эле белектер тапшырылды. Кайрымдуулук концертинен үзүндү “Нарын ТВ” жергиликтүү телевидение боюнча көрсөтүлдү.

Басма нускасы