Сунуш кылуу
Шилтемени почтага жөнөтүү
  • Башкы/
  • Жаңылыктар/
  • Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду (ОКӨФ) “Айыл Банк” ААКка $10,0 млн. суммасында кошумча насыя...

Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду (ОКӨФ) “Айыл Банк” ААКка $10,0 млн. суммасында кошумча насыя ресурстарын бөлүп берди.

Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду (ОКӨФ) “Айыл Банк” ААКка $10,0 млн. суммасында кошумча насыя ресурстарын бөлүп берди.

Мурда берилген насыя каражаттарын “Айыл Банк” ААК ийгиликтүү өздөштүргөндүн жыйынтыктары боюнча, ОКӨФ $10,0 млн. суммасында кошумча акча ресурстарын бөлүп берүү жөнүндө чечимди кабыл алды.

Ушул каражаттар чакан жана орто бизнестин долбоорлорун колдоого жана лизинг операцияларын каржылоого жөнөтүлөт. “Айыл Банк” ААКты кошумча каржылоо жөнүндөгү келишимге 2016-жылдын 11-июлунда кол коюлду.

 

Катышуучулар: ОКӨФ Башкармалыгынын Төрагасы К.Кулматов

                             “Айыл Банк” ААК Башкармалыгынын Төрагасы Б.Жеенбаева

“Айыл Банк” ААК чакан жана орто бизнестин субъектилерин каржылоо программасы боюнча Фондунун биринчи шериктештеринин бири болуп саналат. ОКӨФ менен “Айыл Банк” ААКтын ортосунда биринчи насыялоо келишими 2015-жылдын 2-сентябрында түзүлдү. Азыркы учурга банк 600,0 млн. сом суммасына биринчи насыяны толугу менен өздөштүрдү. 350,0 млн. сом суммасына экинчи насыя дагы аяктап калды.

 “Айыл Банк” ААК насыя берген табыштамаларынын негизги үлүшү:

•    агросектор  - 39,8 %;

•    иштетүүчү өнөр жай - 39,4 %;

•    тоо кендерин казып чыгаруу жана металлургия өнөр жайы - 4,5 %.

 

“Айыл Банк” ААК боюнча чакан жана орто бизнестин аймактык камтуусу:

•    52 % - Чүй аймагы жана Бишкек шаары;

•    32 % - Ош жана Жалал-Абад облустары;

•    3,3 % - Ысык-Көл аймагы;

•    12,7 % - Талас, Баткен жана Нарын облустары.

http://www.rkdf.org/ru/novosti/novosti_fonda/173_rossiysko_kirgizskiy_fond_razvitiya_rkfr_videlil_oao_ayil_bank_dopolnitelnie_kreditnie_resursi_na_summu_100_mln_

Басма нускасы