Сунуш кылуу
Шилтемени почтага жөнөтүү
  • Башкы/
  • Жаңылыктар/
  • “Айыл Агро 2016” эл аралык агро өнөр жай көргөзмөсүнүн уюштуруучулары келүүчүлөрдүн тизмесин түзүп...

“Айыл Агро 2016” эл аралык агро өнөр жай көргөзмөсүнүн уюштуруучулары келүүчүлөрдүн тизмесин түзүп башташты

“Айыл Агро 2016” эл аралык агро өнөр жай көргөзмөсүнүн уюштуруучулары келүүчүлөрдүн тизмесин түзүп башташты

“Айыл Банк” ААК аймактык филиалдары менен биргелешип, республиканын бардык аймактарынан Айыл Агро көргөзмөсүнө жыл сайын келген адамдардын тизмесин түзүп башташты. Көргөзмөгө келгендердин тизмесине кирүү үчүн бардык кызыкдар болгон адамдар “Айыл Банк” ААКтын бөлүмдөрүнө же өзүн өзү башкаруу жергиликтүү органдарына кайрылса болот.

2016-жылдын 25-майынан баштап 27-майына чейин Бишкек шаарынын эски аянтында “Айыл Агро” эл аралык агро өнөр жай көргөзмөсү болуп өтөт. Акыркы 4 жылдын ичинде көргөзмө агро өнөр жай комплекстери үчүн алдыңкы дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн техникасынын жана технологиялардын толук тизмесин көрсөтүп жатат. Алдыңкы дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба техникасын өз көз менен көрүү мүмкүнчүлүгүн өткөрүп жибербегиле!

Мындан толук маалымат  http://www.aiyl-agro.com/ - сайтында

Басма нускасы