Сунуш кылуу
Шилтемени почтага жөнөтүү
  • Башкы/
  • Мен Айыл Банкты тандайм

Мен Айыл Банкты тандайм

Мен Мамылов Доолатбай, мурда үй-бүлө багуу үчүн ар кандай жумуш жасап көрдүм. Бирок, Айыл Банктын кардары болгондон кийин жеке ишкердүүлүктү ачып, учурда үй-бүлөмдү жана дагы бир үй-бүлөнү туруктуу иш менен камсыз кылдым. Буюрса, Айыл Банк аркылуу ишкердүүлүктү дагы да кеңейтүүнү ойлоп жатам. Айыл Банк ар дайым ишкердүүлүктү колдогону үчүн мен Айыл Банкты туура тандадым.
Мен Сариев Тагай, Айыл Банк менен 10 жылдан бери иштешип келе жатам. Айыл Банктын жеңилдетилген насыяларын алып, бодо малдын башын кобойтуп, асыл тукумдуулугун арттырып келе жатам. Учурда бул багытта көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Сиздерге да Айыл Банк менен бирге болууңуздарды сунуштаймын.
Мен Масеитова Рахат, бир нече жылдан бери жеке ишкердүүлүк менен алектенип келем. Айыл Банктан насыя алып, бүгүнкү күндө Баткен шаарында жаштар үчүн кичи тренажердук зал ачтым. Учурда жергиликтуу элдин ден соолугун чындоосу учун жакшы шарт тузулуп, кардарлар көбөйүүдө. Айыл Банкты өзүмдүн туугандарыма, тааныштарыма ар дайым сунуштап келүүдөмун, анткени Айыл Банктан орто жана чакан ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган насыя пайызы төмөн жана ыңгайлуу шарттар.
Мен Нарынов Алтынбек, Россия Федерациясынан тез-тез акча которууларды алып турам. Ал жакта менин ага-инилерим, эже-карындаштарым иштешет. Айыл банкты тандаганымдын себеби кардарларды жакшы тейлешет, кызматкерлер ар дайым сылык-сыпаа, жакшы маанай менен тосуп алышат. Ошондой эле, бул жерде банктык бардык кызматтар сапаттуу корсотулот. Айыл Банкты тандоо — эн туура чечим.
Мен Тагаева Мария Айыл Банктын «Азамат» депозитине акча салгам. Башка банктардан Айыл банкты тандаганымдын себеби, Айыл Банк 100 % окмоттук банк, депозиттерди коргоо агенттигине банктын катышуусу бар экен. Ошондуктан, кандай гана учур болбосун, акчам ишенимдуу жайда деп мен ага толугу менен ишенем жана депозиттин пайыздык олчому да пайдалуу. Ошону менен бардык кызматтарды бир жерден алса болот.Айыл Банктан ишенимдуу банк деп эсептегенимден ушул жерге келдим.
Мен Абдилаев Аллаберген, Айыл Банктын эсептик-сактык кассасы аркылуу тейленем. Бул жерде дайыма кардарлар коп болушат, бирок анысына карабастан ал жердеги кызматкерлер тейлоону тез, туура жана так аткарышат. Айыл Банктын кызматкерлери оз ишин так билген мыкты адистер, ар кандай маселелер менен кайрылганымда оз убагында жардам беришет. Айыл Банкты тандоодо туура чечим кылдым.
Мен Ибраимов Акбарали Калыкович Айыл Банк менен коп жылдан бери иштешип келем, себеби Айыл Банктын корсоткон кызматтары мен учун абдан ынгайлуу, мисалы Береке акча которуу системасы,эл аралык акча которуулар, Эл Карт пластикалык картасы, депозиттер жана арзандатылган кредиттер бар. Албетте мен башкаларга Айыл Банк менен иштешууго чакырат элем.
Мен, Ырсалиева Нургуль Токмок шаарынын тургуну болом.Айыл Банктан 4 жолу мал чарбасын онуктурууго кредит алгам.Айыл Банктан алган кредиттерди максаты менен иштетип оздук чарбамды онуктурууго жетиштим.Бугунку кундо 5 жолу кредит алуудамын. Айыл Банк менен кызматташып жатканымдын себеби бул банктын кредиттик пайыздары дыйкан-фермерлер учун ото женил,толоо моонотун озун каалагандай коргозуу мумкунчулугу бар.Айыл Банктын мындан ары дагы осуп оркундой беришине тилектешмин.

Мен, Н.Давлесов атындагы №3 орто мектебинин директору болуп иштейм. Биздин жамаатта 64 адам иштейт. Биз Элкарт төлөм карталары менен Айыл Банк ААКта тейленебиз. Биз үчүн ушул Банк абдан ыңгайлуу, себеби банкоматтар күнү-түнү иштейт жана Айыл Банктын кеңири аймактык тармагы бар.

Эмгек акыбызды минималдуу чыгымдар менен, ишенимдүү кепилдиги менен жана коопсуз алабыз.  Кызматкерлердин сылык мамилеси үчүн Айыл Банкка ыраазычылык билдиребиз! Гүлдөй бер Айыл Банк!!! 

Мен Биорг–Ойл ЖЧКнын кассир-оператору болуп иштейм. Ушул Банкта тейленгенибизге абдан кубанычтабыз. Тез тейлешет. Бул Кыргызстандын эң ишенимдүү жана эң жакшы банкы!
Менин атым  Исмаилжан Якубов. Мен Токмок шаарында жашайм. Мен Айыл Банктын кызматтарын пайдаланам -  «Золотая Корона» жана  SWIFT аркылуу акча которууларды жөнөтөм.  Айыл Банк мага абдан жагат, себеби бул жерде мага жеке курстарды жана арзан тарифтерди коюшат, бул менин бюджетимди экономдогонго мүмкүнчүлүк берет. Банкыңарга ийгилик жана өнүгүп-өсүүнү каалайм!!
Жолдошов И.:  Мен Айыл Банктан 2 жолу лизинг, 1 жолу кредит алдым. Лизингге Беларусь МТЗ-82.1 жана УТО-704 деген тракторлорду алдым. Кредит алып ага деле техника сатып алдым - Нью Холланд деген экскаватор. Өзүмдө да эски траторум бар эле, шаймандар бар эле, Айыл Банктын жардамы менен техникаларымды жаңылап алдым. Эми жаны техника менен элге кызмат кылып жатам. Бир кемчилик жери бар эле Кытай трактордун жана кредитимдин төгүмдөрү доллар менен болуп, доллардын курсу өсүп кичине кыйынчылык туудуруп атат.

Морева Н., 92 жашта: Мен банкта 2013-жылдын баштап тейленем, мени аманаттар боюнча жогорку пайыздар кызыктырат. Бул жерде аманаттар боюнча акциялар тез-тез болуп турат. Майрам күндөрү банктын кызматкерлери открытка же календарь түрүндө жагымдуу белектерди берет же чай ичүүлөрдү уюштурушат. Мен баарына Айыл Банк менен иштешүүнү сунуштайм, себеби бул ишенимдүү банк.

Зикиров Ж. жеке ишкер.: 2012-жылдан бери Айыл Банк менен иштешип келип жатам. Айыл Банктын көрсөткөн кызматтары мен учун абдан ыңгайлуу, мисалы “БЕРЕКЕ” системасы аркылуу акча которуу абдан ыңгайлуу жана тез, себеби алуучу башка банктардан да акча которууну алууга мүмкүнчүлүгү бар. Мен башкаларга да Айыл Банк менен иштешүүгө чакырат элем.
Усеналиева А.: Айыл Банктан айыл чарбаны, так айтканда мал чарбачылыкты жана дыйканчылыкты өнүктүрүүгө үчүнчү жолу насыяны алып жатам. Насыяны алып, менен малдын башын көбөйттүм жана картошканын үрөнүн алмаштырдым. Мурда  менин атам Айыл Банктан насыяларды алып жүргөн жана жакшы пикирлерин айткан. Мен дагы Айыл Банктан насыяларды алгандан кийин анын сөзүнө ишендим.

Абдраев А.: Мен 2013-жылы Айыл Банктын Жети-Өгүз өкүлчүлүгү аркылуу МТЗ-82 маркадагы 5 тракторду лизингге сатып алганмын. Техникалык тейлөөнү уюштуруп, калкка техникалык кызматтардык көрсөтө баштадым. Лизинг тууралуу мени абдан кубанткан нерсе, бул төлөө графиги менин мүмкүнчүлүктөрүмө жараша бекитилди. Ошондой эле Айыл Банкта калктын тейлөөсү жакшы деңгээлде жүргүзүлөт.

 

Асанбаев М. Жалколот айылынын тургуну: Мен мал чарбаны жана дыйканчылыкты өнүктүрүүгө алты жолу табыштама берип, алты жолу насыя алдым. Айыл Банктын насыяларынын аркасы менен чарбамды көтөрдүм: малдын башын көбөйттүм жана дан өсүмдүктөрдүн жана картошканын сортторун жакшырттым. Менин оюм боюнча, Айыл Банктын насыялары жагымдуу, себеби бул мамлекеттик банк жана пайыздык өлчөмдөрү төмөн. Насыяларга табыштамалар тез каралат. Банктын мээримдүү жана ак ниеттүү жамааты дагы кубантат. Келечекте дагы Айыл Банктан насыяларды алам жана кирешени көбөйтөм деп ишеничтемин.

Бектуров А.: Жети-Огуз айылы: 15 жылдан бери Айыл Банктан насыяларды алып жүрөм. Менин байкоолорум боюнча, Айыл Банк, мал чарбачылыкка жана дыйканчылыкка насыяларды өз убагында берип, айыл калкына чоң жардам көрсөтүп жатат. Тейлөө жана насыяларды берүү өз убагында жүргүзүлөт.

Насыяны алып, мен жазгы талаа иштерин жана түшүм жыйноону өз убагында өткөрдүм жана ошону менен үй-бүлөмдүн социалдык-экономикалык абалын жакшырттым.

Шерипов Т., Конкино айылы:  Айыл Банк республикабызда биринчилерден болуп, айыл чарба техникасын сатып алуу боюнча жана жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча калкка чоң жардам көрсөтүп жатат. Айыл Банкты колдош керек деп ойлойм, себеби “Кумтор-Чакан” багыты боюнча насыяларды күрөөсүз берип жатат. Мен  он жолу насыя алдым, ошол насыяны туура пайдаланып, чарбамдын активдерин жана дүң айыл чарба продукциясын көбөйттүм, жана ошону менен үй-бүлөмдүн материалдык абалын жакшырттым. Айыл Банктын кызматкерлери жакшы иштейт жана районубуздун калкы аларга ишенет, деп белгилеп кетким келет.
Молдосыдыков Б.: Билайн компанисынын Тогуз-Торо районундагы өкүлүмүн. Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы Айыл Банктын эсептик сактык компаниясынан дайыма акча котором. Менин Айыл Банкты тандоомдун себеби: бухгалтер кыздардын тейлөөсу, тактыгы жана сыйчылдыгы. Дайыма жакшы маанай менен тосуп алышат.
Бекжанова Г.:Мен Айыл Банкты тандаган себебим кыздардын тейлегени абдан жакшы. Кредитный отделдин да балдары жакшы. Мен счеттон акча которуп турам, абдан тез иштегендери жагат.
Кулуева К.: Менин Айыл Банкта депозитим бар, пайызы жакшы, тейлөөсу да жакшы. Сылык мамилеси менен мага жагат.
Жакыпов Э., Ат-Башы району, Калинин айылы: Айыл Банкта акча которуу кызматтары менен дайыма пайдаланам. Кызматкерлери абдан сылык. Ыкчам иштешет. Келечекте дагы Айыл Банк менен иштешем деп ойлойм.
Котурова К., Ат-Башы району,  Кара-Суу айылы: Эки жыл мурда пенсиямды Айыл Банкка которгонмун. Үй-бүлөлүк шарттар боюнча үйдөн алыс  болуп калам. Бирок пластикалык картам дайыма жанымда, ошондуктан  пенсиямды дайыма өз убагында алам.
Басма нускасы