«Айыл Банк» ААКнын негизги миссиясы: «Жеткиликтүү жана сапаттуу банктык тейлөө кызматтарында жана продуктуларында Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн жана калктын керектөөлөрүн камсыздоо жолу менен агрардык өнөр жай бөлүмүнун өнүгүүсүнө көмөктөшүү» “Айыл Банк” ААК Кыргыз Республикасынын ири банктарынын санына кирет жана 14 жылдан бери айыл чарбаны каржылаган негизги каржы-насыялык мекеме болуп эсептелет. Банк Кыргыз Айыл чарба Каржы Корпорациясынын (КАКК) укук мураскери катары 2006 жылы декабрь айында түзүлгөн. КАКК Дүйнөлүк Банктын колдоосунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 1997 жылы түзүлгөн. Банктын акционери болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан КРдын Мамлекеттик Мүлк Министерствосу саналат. 2008-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (Парламент) Банктын 67% жөнөкөй акциясын приватташтыруу жөнүндөгү чечимди кабыл алды. 1997-жылдан баштап 2006-жылга чейинки мезгилдин ичинде, Банк адистештирилген каржы-насыялык мекеме катары иштеген жана анын негизги операциясы болуп айыл чарба өндүрүүчүлөрүн насыялоо болуп эсептелген. КАКК Банк болуп өзгөргөндөн кийин, Улуттук Банк тарабынан банктык тейлөө кызматтарынын бардык салттуу спектрине чектемелер менен лицензия берилди. 2008-2010 жылдардын ичинде Банк лицензиядагы чектемелерди алууга багытталган бир катар иш чараларды жана салттуу банктык тейлөө кызматтардын өндүрдүсүн жүргүзду. Чектемелерди алуу жана лицензияны кеңейтүү этап боюнча жүргүзүлдү жана азыркы убакытка көбүнчө чектемелер алынды. Банк Кыргызстандагы айыл чарбаны каржылоо боюнча көбүнчө мамлекеттик жана эл аралык доолборлордун катышуучусу болуп эсептелет. Банктын негизги инвестициялык донорлору жана шериктештери болуп төмөнкүлөр эсептелет: - Дүйнөлүк Банк (Өнүктүрүүнүн Эл аралык Ассоциациасынын долбоорлору: “Айылды каржылоо” жана “Агробизнес жана маркетинг”); - Азия Өнүктүрүү Банкы (айыл чарба бөлүмүн өнүктүрүү долбоору); - Европалык Кайра куруу жана Өнүктүрүү Банкы (чакан жана орто бизнесин өнүктүрүү долбоору); - Кыргызстандагы «Райфайзен» кооперативдерин өнүктүрүү фонду - Кыргызстандагы Банктарды Кайра каржылоонун Адистештирилген Фонду, ПРООН жана башка каржы институттары. Банк эл аралык каржы институттар долбоорлорунун катышуучусу болуп эсептелгенин эсепке алып, каржы отчеттулуктун аудитин эл аралык таанылган аудитордук компаниялардын ичинен компания менен, жылына 2 жолу жүргүзүлөт (алты ай үчүн жана бир жыл үчүн). Банк ошондой эле төмөнкү коммерциялык эмес уюмдарынын мүчөсү болуп эсептелет: - Кыргыз Республикасынын банктар Союзунун; - Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо фондунун; - «Ишеним» насыялык-маалыматтык бюросунун; - Айыл чарба Насыясынын Евроазиялык Ассоциациасынын (ЕврАзАСК)
Валюталардын наркы
18.05.12
Сатып алуу
Сатуу
USD
47.0000
47.1500
EUR
59.6000
60.3000
RUB
1.5000
1.5300
KZT
0.3120
0.3185
Накталай эмес валюталардын курсун +996 (312) 66-17-45 телефону боюнча сурап билиңиз